• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

“Эне-Сайда” ымыркайдын жансыз денеси табылды

2 Бирдин айы 2024 14:07 Бишкек Govori.TV

Бишкектин четиндеги “Эне-Сай” жаңы конушунун аймагында жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси табылган. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма-сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-февараль күнү саат 17:37 чамасында Аламүдүн РИИБнүн нөөмөт бөлүмүнө Аламүдүн районуна караштуу Аламүдүн айылынын, Алма-Ата жана айланма (объездной) көчөлөрүнүн кесилишинде жаны төрөлгөн баланын жансыз денеси табылды деп маалымат келип түшкөн.

Аталган маалымат Аламүдун РИИБне катталып, сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлө башталган.

«Алдын ала териштирүү учурунда, ыкчам-издөө иш-аракеттеринин натыйжасында 20 жаштагы К.А. аттуу жаран аныкталып, ал Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринде 7 айлык эркек баланы жансыз абалда төрөгөнүн, эмне кылаарын билбей, курбуларынын кеңеши менен баланын жансыз денесин күрөң кутучага салып, Аламүдүн районунун Алма-Ата көчөсүнүн “Эне-Сай” жаңы конушунун аймагындагы талаага таштаганын билдирген», — деп айтылат маалыматта.

Азыркы учруда тийиштүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүү иштери уланууда.

Количество просмотров: 259