• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда коррупция аныкталды

1 Баш оона 202420:22 Бишкек Govori.TV

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда системалуу түрдө опузалап акча талап кылуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маадфматка ылайык, УКМК тарабынан саламаттыкты сактоо тармагындагы коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда системалуу түрдө опузалап акча талап кылуу фактысы аныкталды.

Тергөөнүн жүрүшүндө Улуттук борбордун нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы К.Б. оорулуу балдардын ата-энелеринен аларга көрсөткөн кызматтары үчүн системалуу түрдө акча чогултуп жүргөн. Алынган каражаттардын көлөмү 2 миң сомдон 30 миң сомго чейин болгон.

Аталган К.Б. КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Козголгон кылмыш ишинин алкагында бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Маалыматка ылайык, аталган борбордун нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы кармалган.

Количество просмотров: 149