• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Энелер күнү: сандар жана фактылар

21 Бугу 2023 15:29 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 3 млн. 357 миң аял бар же алар калктын жалпы санынын 50,6%ын түзөт. Бул тууралуу Статистика комитети билдирди.

Шаар жерлеринде 1 млн. 286 миң аял (алардын жалпы санынын 36% дан ашыгы), айыл жерлеринде 2 млн. 271 миң аял (дээрлик 64%) жашаган.

2022-жылы республикада 15-55 жаштагы 150 миңден ашуун аял эне макамына ээ болушту.

Биринчи баласын төрөгөндөгү энелердин орточо жашы 23 жаштын тегерегин түзөт. Биринчи баласы төрөлгөндө жашы 21-22 жашты түзгөн эң жаш энелер Ош шаарында, ошондой эле Баткен, Ош жана Талас облустарында жашашат.

Аялдардын 27% жакыны биринчи жолу, ал эми 35% жакыны же дээрлик ар бир үчүнчү аял экинчи жолу эне болушат. 13% жакыны же дээрлик ар бир сегизинчи аял төрт же андан көп баланын энеси болушат.

2021-жылы мурунку жылга салыштырмалуу эгиз жана үч эм төрөгөндөрдүн саны азайганы байкалган. Алсак, 2021-жылы 1244 эгиз (2020-жылы — 1436) жана 7 үч эм (2020-жылы — 14) төрөлгөн.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматтары боюнча төрөттөрдүн ортосундагы аралык эки жылдан аз убакытты түзгөн төрөттөрдөн балдардын төрөлүшүнүн үлүшү 32%дан ашкан, ал эми аралыгы үч жылды түзгөндөр 42%га жакындаган. Бирок изилдөөнүн маалыматтары күбөлөндүрүп тургандай, бала төрөөнүн эки жылдан аз аралыгы жана тез-тез төрөө аялдарда аз кандуулукту, ошондой эле кош бойлуулук жана төрөт учурунда кыйынчылыктарды жаратат.  

2000-жылдан бери Кыргызстанда төрөттүн өсүшү белгиленүүдө. 15-49 жаштагы бир аялга орто эсеп менен 3,0 бала туура келген, бул биздин өлкөдө калктын кеңири көбөйүшүн камсыз кылуу үчүн жетиштүү.

Кошумчалай кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2012-жылдан тартып Энелер күнүн белгилөө бекитилген, ал жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет.

Количество просмотров: 93