• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Президент Жээнбеков энелерди куттуктады

16 Бугу 202014:00 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктап, эне-баланы коргоо, социалдык жактан колдоо — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин айткан. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

«Жаштарыбыздын руханий көрөӊгөсү, мекенге болгон сүйүүсү, атуулдук сезими — энелердин мээриминен башталат, алардын таалим-тарбиясына барып такалат. Энелердин жана балдардын ден соолугун коргоо, аларды социалдык жактан колдоо — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты», — деп айтылган куттуктоодо.

Президент энелерге чың ден соолук, узун өмүр, бактылуу жашоо кааларын билдирген.

Эске салсак, Энелер күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы менен 2012-жылы жарыяланган. Бул майрам Кыргызстанда жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленип келет.

Количество просмотров: 91