• Бейшемби 24 Кулжа 2021

Жапаровдун Энелер күнүнө карата куттуктоосу

16 мая 2021 в 11:28 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-майда, кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады, – деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Төмөндө мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу Энелер!

Сиздерди бүгүнкү майрамыңыздар — Энелер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Жашообузда Эненин өзгөчө ролу бар. Эне — дүйнөдө теңдеши жок асылзат. Эне — өмүрдүн башаты. Эне — ар бир үйдүн, жалпы мекенибиздин куту.

Элибиз байыртадан энени ыйык көргөн, Умай эне атаган, жерди — Жер Эне, өз тилин — Эне тил деген!

Ошондуктан Энени урматтоо жана сыйлоо, анын турмуштагы алмаштырылгыс ордун таануу каада-салттарыбызга терең тамырлаган.

Кыргызстанда бекем, чоң жана ынтымактуу үй-бүлөлөр ар дайым коомубуздагы адеп-ахлактык бакубаттуулуктарды калыптандыруунун маанилүү фактору болуп келген.

Чыныгы энелик мээримдин чеги жок. Биздин күндөрдө жетим балдарды өз баласындай асырап, мээрмандуулуктун жана нагыз адамгерчиликтин үлгүсүн көрсөтүп, аларга сүйүүсүн, жан дүйнөсүн арнаган энелердин ар бири жалпы коомубуздун терең урмат-сыйына татыктуу.

Алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдө эмгектенген мекендештерибиздин балдарын энелик мээримге, камкордукка бөлөп, тарбиялап жаткан апаларга жана чоң энелерибизге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Сиздер наристелердин бактылуу балалыктын кучагында жайдары жашоосу жана алардын коомубуздун эртеңкисин, мамлекетибиздин келечегин аныктай турган татыктуу жарандардан болуп жетилиши үчүн эбегейсиз зор салым кошуп жатасыздар.

Бүгүнкү күндө үй-бүлө институтун чыңдоо, энени жана баланы коргоо, энелердин укуктары менен кызыкчылыктарын камсыз кылуу, көп жана жаш балалуу үй-бүлөлөрдү ар тараптан колдоо –мамлекетибиздин социалдык саясатынын эң маанилүү жана артыкчылыктуу багыттарынын бири.

Ошол себептен, жакындагы жалпы элге кайрылуумда „Умай эне“ культун калыбына келтирүүнүн зарылдыгын айттым. Эне жана баланы камкордукка алуу, колдоо жана коргоо багытында улуттук программаны тез арада ишке киргизүүнү тапшырдым.

Урматтуу асылзат Энелер, дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктайм. Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо каалайм!»

Количество просмотров: 61