• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Энергетика министри Бишкек ЖЭБинин ишин текшерди 

13 Бештин айы 2023 9:16 Бишкек Govori.TV

 Бүгүн энергетика министри Таалайбек Ибраев жумушчу иш сапары менен Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) барып, учурдагы аба ырайынын кескин суукташына байланыштуу ЖЭБдин аткарып жаткан ишин жеринде текшерди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Министр андан кийин «Электр станциялары» ААКтын биринчи орун басары жана Бишкек ЖЭБинин жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө калкка үзгүлтүксүз жарык жана жылуулук берүү, энергетиктер кышкысын штатык режимде иш алып баруусу керектигине жана авариялык учурга жол бербөө үчүн, алдын ала кам көрүүгө токтолду.

«Бишкек ЖЭБи борбор калаанын тургундарын жылуулук жана электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылышы керек. Бул үчүн жетекчилер жеке жоопкерчилик тартышат. Биздин милдет калкты кыштан үшүтпөй алып чыгуу. Ошондуктан энергетиктер кышкысын штаттык режимже иш алып барууну уланткыла. Авариялык абалга жол бербөө үчүн, резервке жабдуулар максималдуу даяр болсун», — деди министр Таалайбек Ибраев.

Ал эми, Бишкек ЖЭБдин директору Улан Сапаров министрге Бишкек жылуулук электр борборунун күз-кыш мезгилиндеги иштөөсүнүн учурдагы абалы тууралуу маалымат берип, аны туруктуу деп сыпаттады. ⠀

Жыйындын алкагында министр Бишкек жылуулук электр борборунун жетекчилерине бригадалык кызматтарды күчөтүү, цехтердин жетекчилеринин жана начальниктеринин нөөмөт тартибин уюштуруу, кыдыруу жана жабдууларды текшерүүнүн интенсивдүүлүгүн жогорулатуу, алдын алуу боюнча бардык чараларды көрүү боюнча тапшырмаларды берди, негизги жана көмөкчү жабдууларды авариялык өчүрүү жана калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы жана жылуулук менен камсыздоо үчүн тиешелүү жүктү көтөрүү.

Мындан тышкары, энергетика министри насостук станциянын иши менен таанышып, станциянын нормалдуу иштеши жана жалпысынан 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилин өткөрүү боюнча комплекстүү чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи.

Количество просмотров: 65