• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Энергетика министри: «Кыргызстанда энергодефицит болбойт»

19 Жетинин айы 202514:22 Бишкек Govori.TV

Энергетика министри Таалайбек Ибраев өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгы жок экенин, болгону аны үнөмдөө зарыл экенин билдирди. Бул тууралуу ал соцтармак баракчасына жазган.

«Кыргызстанда энергодефицит болбойт. Болгону үнөмдөгүлө деп жатабыз. Жылдагыдай эле кошуна өлкөлөрдөн кышкысын 3 сомдон импорт алып келип, элге 1 сом 37 тыйындан берип атабыз.
Ортодогу айырма кайра эле НЭСКтин моюнуна карыз болуп үйүлүп жатат. Ошондуктан Президентибиз “Импортту болушунча азайткыла, энергияны үнөмдөп колдонгула, эмдиги жылы калган 25 миллиард сом карыздан кутулгула” деп тапшырма койгон. Эмдиги жылы карыздан толук кутулабыз. Кирешеге чыга баштайбыз. 2028-2029-жылдары кышта импорт албай калабыз деп пландап жатабыз», — деп жазды министр.

Эске салсак, ноябрдын башынан тартып Кыргызстанда калк үчүн электр энергиясынын кубаттуулугуна чектөө киргизилген. “Акылдуу эсептегичтерде” эртең мененки жана кечки убактарда 5 кВт кубаттуулук 3 кВтга чейин түшүрүлгөн.

Сентябрь айында энергетика министри бул кыш Кыргызстан үчүн эң оор болорун билдирген болчу.

Количество просмотров: 158