• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Энергетика министри: Кыргыз энергетикасы туруктуу өнүгүү жолунда баратат

28 Чын куран 2022 15:37 Бишкек Govori.TV

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев Ош облусуна болгон иш сапарында Ош шаарына курулуп жаткан Батыш РЭТинин имаратына капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, райондук электр тармактарынын жаңы имараты президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен, Ош шаарынын тургундарына көрсөтүлүүчү кызматтарды жакшыртуу максатында курулат.

Анда Доскул Бекмурзаев 8-февралда мамлекет башчысынын катышуусунда Бишкек шаарындагы Түндүк РЭТинин ачылышы болгонун билдирди.

«Мындай объектилердин курулушу Кыргызстандын энергетикасы өнүгүү жолунда бара жаткандыгын жана ошондой эле анын мамлекетибиздин экономикалык жактан өнүгүшүнүн негизи болууга чоң мүмкүнчүлүгү бар экендигин далилдейт. Ал үчүн бизде баары: элдин колдоосу, көрө билүүсү жана өлкө жетекчилигин дарамети жетиштүү» — дейт министр.

Ошондой эле ал Батыш РЭТинин курулушу үстүбүздөгү жылдын 31-августунда аягына чыгарыларын билдирди.

Эске сала кетсек, буга чейин Ош шаарынын тургундарын электр энергиясы менен камсыз кылуу иштери 1967-жылы курулган эски имаратта жүргүзүлүп келет.

Количество просмотров: 235