• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Атамбаев менен Жапаровдун кайым айтышы. Сапар Исаков президентке жооп берди

18 Жетинин айы 202512:33 Бишкек Govori.TV

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Садыр Жапаров менен Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы акыркы талаш-тартыштардын алкагында энергетика тармагындагы кырдаал боюнча комментарий берди. Анын кайрылуусу соцтармак баракчасына жарыяланган.

Исаков өз пикирин билдирүүнү чечкенин, анткени анын аты талкууда айтылганын жана бүгүн талкууланып жаткан маселелер энергетика тармагындагы көптөгөн маанилүү процесстер анын түздөн-түз катышуусу менен болгон мезгилге түздөн-түз байланыштуу экенин жазган. Ал билдирүүсүндө Садыр Жапаров тарабынан айтылган жүйөөлөр чындыкка дал келбей турганын, президентке толук эмес же бурмаланган маалымат берилип жатат деп эсептей турганын айткан.

«Мындан улам энергетика тармагынын өнүгүү тарыхы тууралуу Президентке толук эмес же бурмаланган маалымат берилип жаткандай таасир калтырат. Бул маселеде кызыл кулактыкка жана коомдук пикирди манипуляциялоого мындан ары бөгөт коюу үчүн бир нече фактыларды ачыкка чыгаруу зарыл деп эсептейм.

1. Бишкек ЖЭБ жөнүндө

Учурдагы Президенттин 2011–2017-жылдар аралыгында «бир дагы электр станциясы курулган эмес» деген билдирүүсү белгилүү фактыларга карама-каршы келет. Учурда Бишкектин эски ЖЭБинин ордунда так ошол мезгилде ишке киргизилген, жаңы энергоблоктору бар модернизацияланган жылуулук электр борбору иштеп жатат. Өлкөнү азыркы энергетикалык кризистин оор кесепеттеринен сактап турган мына ушул кубаттуулуктар: алар Нарын жана Ысык-Көл областтарынын керектөөсүнө теңдеш өлчөмдө электр энергиясын иштеп чыгат кылат жана басымдуу генерация өлкөнүн түштүгүндө жайгашкандыктан, күз-кыш мезгилинде энергетикалык тең салмактуулуктун негизги элементи болуп саналат.

Кошумча 300 МВт электр энергиясы жана 300 Гкал жылуулук болбогондо, Бишкек азыр электр энергиясынын гана таңкыстыгына эмес, жылуулук менен электр камсыздоонун толук масштабдуу кыйрашына дуушар болмок. Жаңы кубаттуулуктар ишке киргизилгенден бери борбордук ЖЭБ бир да жолу иштен чыгып токтоп калган жок, системанын үзгүлтүксүз иштешин жана шаарды жетишерлик көлөмдөгү маанилүү жылуулук менен камсыз кылууда.

ЖЭБди модернизациялодо «баалар жогорулатылган» жана каражаттар уурдалган деген айыптоолор эч бир далилсиз куру сөздөр жана бул Сооронбай Жээнбековдун бийлиги учурунда башталган саясий жактан мотивдештирилген иштерден келип чыккан. Долбоор мамлекеттер аралык модель боюнча ишке ашырылган: подрядчы ТВЕА компаниясы Кытайдын Эксимбанкынан түздөн түз каржыланып турган жана кытай тараптын катуу көзөмөлүндө болгон. Бул кыргыз чиновниктеринин кандайдыр бир коррупциялык схемаларга катышуусун жокко чыгарган.

Мындан тышкары, Садыр Жапаровдун Тажикстандагы окшош долбоорлордун баасы менен салыштырганы коомчулукту адаштырат, анткени ал анын негизги жагдайларын айткан жок.

Маалымат үчүн:

-Дүйшөмбүдөгү ТЭЦ-2нин (400 МВт) курулушунун эки этабы Тажикстанга 350 млн долларга турган, бирок ошол эле учурда кытай компаниясына 51,7 тонна алтындын тастыкталган запасы бар «Жогорку Кумарг» жана «Чыгыш Дуоба» алтын кендери иштетүүгө өткөрүлүп берилген. Бул кендердин экономикалык баалуулугу 2-3 млрд долларга бааланат. Аталган алтын активдерин өткөрүп берүү долбоордун реалдуу баасы болгон.

— Кубаттулугу 300 МВт электр энергиясын жана 300 Гкал жылуулукту түзгөн Бишкек ЖЭБи жер астындагы кен байлыктарды, ресурстарды жана рудниктерди өткөрүп бербей, купуя милдеттенмелерди албай жана стратегиялык активдерге мамлекеттин көзөмөлүн жоготпой туруп 386 млн долларга бааланган.

-TBEA компаниясы Кара-Кече ЖЭСнин техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга, ЖЭБди жабдууга, мектеп курууга жана жабдууларды жеткирүү үчүн Кыргызстанга кайтарымсыз кошумча 20,3 миллион доллар бөлүп бергени туурасында күнөө тагып аткандар такыр унчукпайт.

Ошентип кыргыз келишими аймактагы экономикалык жактан эң пайдалуу жана ачык-айкын келишимдердин бири болгон, аны тажик тажрыйбасына каршы коюу аракеттери бул долбоорлордун реалдуу мазмуунуна туура келбейт жана саясий жактан мотивдештирилген айыптоолордун уландысы болуп саналат.

Бул кампания саясий өч алуу максатында башталган жана ачык болуп турган факты — эски станциядагы авариялардан, аны оңдоп-түзөөгө кеткен чыгымды бийлик азыркыга чейин коомчулуктан жашырып келатканынан айырмаланып, модернизацияланган ЖЭБ Бишкекти бүгүн энергетикалык кыйроодон сактап турганына карабай азырга чейин уланууда.

2. Жогорку Нарын каскады жөнүндө

2012-жылы «РусГидро» компаниясы менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча келишимге кол коюлган. Документке ылайык, россиялык тарап 100% инвестиция тартууга, ал эми кыргыз тарап курулуш аянтын (жерлерди сатып алуу жана трансформациялоо) даярдоого милдеттенген.

2015-жылы россиялык тарап каржылык кыйынчылыктардан улам долбоорду коё турууга аргасыз болуп жатканын билдирген. Иш жүзүндө долбоор белгисиз мөөнөткө токтотулган. Мына ушундай шарттарда Жогорку Кеңеш келишимди денонсациялаган.

Денонсациядан кийин «РусГидро» болжолдуу түрдө келтирилген чыгымдар үчүн деп 37 миллион АКШ доллары өлчөмүндө компенсация төлөп берүү талабын койгон. Кыргыз Өкмөтү айтылган сумманын негиздүүлүгүнөн олуттуу күмөн санап, көз карандысыз эл аралык аудит жүргүзүүнү сунуштаган. Россиялык тарап андан баш тартып, сотко кайрылган.

Мындай айтканда, денонсациянын максаты долбоорду «үзгүлтүккө учуратуу» же «жаап салуу» болгон эмес, аны арсар абалдан чыгарып, Кыргызстанга долбоорду улантууга шарты жок экенин моюнга алган өнөктөш «РусГидронун» алдында алган милдеттенмелерине байланып отурбай, жаңы инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүү болгон.

3. Токтогул ГЭСин реконструкциялоо жөнүндө

Бүгүнкү күндө ар кандай саясий күчтөр Токтогул ГЭСин реконструкциялоо ишин өзүлөрүнө энчилеп алууга аракет кылышууда. Бирок бул долбоор боюнча негизги чечимдер 2016-жылы кабыл алынган, ал эми 2017-жылдын май айында аны практикалык реализациялоо башталган — контракттарга кол коюлуп, курулуш жана монтаждоо иштери башталган.

Бул жааттагы стратегиялык макулдашуулар, каржылоо планы жана долбоордун ишке киргизилиши Алмазбек Атамбаевдин башкаруу мезгилине таандык. Бардык кийинки этаптар башка саясий күчтөр тарабынан нөлдөн башталган демилге эмес, мурда негизделген курстун уландысы болгон.

Эксперттик коомчулукту мен жогоруда келтирген бардык маалыматтарды кайрадан текшерип чыгууга чакырам», — дейт ал.

Атамбаев менен Жапаровдун кайым айтышуусу Садыр Жапаров 9-ноябрда өлкөдөгү энергетикалык абал боюнча Фейсбук баракчасына пост жазгандан кийин башталган. Өлкө башчы анда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу эки миллиард куб метрге аз экенин билдирип, буга чейинки бийликтегилердин тушунда энергетикалык ири долбоорлор ишке ашпаганын айткан.

Жапаровдун билдирүүсүнө Атамбаев жооп берип, учурдагы бийликтин мурдагыларды каталары үчүн сындоого укугу бар экенин, бирок миңдеген адамдардын эмгегин жокко чыгарып, “биз келгенге чейин эч нерсе жасалган эмес” деп айтканы туура эместигин жазган.

Эске салсак, Сапар Исаков 2020-жылы мартта Бишкек ЖЭБин оңдоо ишине байланыштуу 15 жылга кесилген. 2020-жылдын 6-октябрга караган түнү Молдовановкадагы №27 түзөтүү колониясынан чыгып кетип, ошол бойдон келген эмес. Ал өлкөдөн чыгып кеткени айтылган.

Количество просмотров: 1998