• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Бөрк ал десе — баш алгандай». Жапаров мэрлердин түнкү рейди тууралуу билдирүү жазды

14 Жетинин айы 202515:25 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-ноябрда президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасына билдирүү жазып, Бишкек жана Ош шаарынын мэрлеринин түнкү текшерүүсү тууралуу пикирин билдирди.

«Урматтуу жетекчилер, айрыкча Бишкек жана Ош шаарынын мэрлери! Электр энергиясын үнөмдөө жана тынчтык мыйзамын камсыздоо максатында тапшырма берсек, силер аны «бөрк ал десе — баш алгандай» ашкере аткарып жиберипсиңер. Биз элдин тынчтыгын бузуп, спирт ичимдиктерин ичип алып ызы-чуу салгандар чогулган түнкү клубдарды, ошондой эле түн бир оокумга чейин созулуп, 200дөн 800гө чейин киши чогулган тойканаларды иреттеп, мыйзамдын чегинде көзөмөлдөөнү тапшырганбыз.

Ал эми силер болсо тамактануучу кафелерди, KFC сыяктуу тез татым жайларын да жаап, тынч отурган элди кубалап чыгарууга чейин барыпсыңар. Рейд маалында бизнес ээлерине орой мамиле жасап, жарыгын өчүрүп, суусун токтотууга тапшырма берипсиңер! Мындай кылбагыла, токтоткула андай аша чапканды! Электр энергиясын үнөмдөөнү — биринчи кезекте «ЭМНЕ, МАМЛЕКЕТ ТӨЛӨЙТ ДА» деген кайдыгер жеткечилерди, түнү бою жарыгын күйгүзүп таштап кеткен мамлекеттик ишканалардын имараттарын катуу көзөмөлдөгүлө. Ал эми тынч иштеп жаткан кичи жайларга барып, алардын тынчын алчу болбогула!», — деп жазды Жапаров.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 13-ноябрда элге кайрылуусунда “Тынчтык жөнүндө” мыйзам аткарылбай жатканын айтып, саат 22:00дөн таңкы 7:00гө чейин кафе-ресторандар менен оюн-зоок жайлары ишин токтотушу керектигин билдирип, жергиликтүү бийлик иштебей жатканын айткан. Атайын кызматтын жетекчиси президенттин облустардагы өкүлдөрүнө, мэрлерге, район акимдерине кайрылып, талапты аткарбагандардын жарыгын өчүрүп коюуга чакырган.

Ал эми кечинде Ош менен Бишкектин мэрлери түнкү рейдге чыгып, кафе-ресторандарды текшерип, алардын светтерин өчүртүштү. Алар муну кыш мезгилинде электр жарыгын үнөмдөө жана “Тынчтык жөнүндө” мыйзамдын талаптарын аткаруу менен түшүндүрүшүүдө.

Оштун мэри Токторбаев саат 22:00дө ишин токтотпогон жайлардын жарыгын бир айга өчүрүп салууну тапшырган. Бишкек мэриясы болсо тамактануучу жайларды, түнкү клубдарды саат 22:00дө жабуу тууралуу буйрук чыгарды.

Количество просмотров: 448