• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ибраев энергетика боюнча жаңы келишим түзүү үчүн Түркмөнстанга кетти

18 Жалган куран 202517:35 Бишкек Govori.TV

Энергетика министри Таалайбек Ибраев энергетика боюнча жаңы келишим түзүү үчүн Түркмөнстанга жөнөп кетти. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты комитетинин отурумунда белгилүү болду.

Депутаттар арасында минитстр Таалайбек Ибраевдин катышпагандыгы суроо жараткан.

Буга жооп катары энергетика министринин орун басары Нурлан Сыдыков министрдин иш сапар менен Түркмөнстанда жүргөндүгүн айтты.

“Өзүңүздөр билгендей, Түркмөнстан мамлекети жыл сайын бизге белгилүү бир өлчөмдө электр энергиясын берип келет. Мына ошол келишимдерди жаңылоо максатында энергетика министри Таалайбек Ибраев аталган өлкөгө учуп кетти. Министр өзү кол коюшу керек болгондугу үчүн бара албай койгон жок”, — деди ал.

Количество просмотров: 189