Энергетика министри Таалайбек Ибраев ушу тапта Кыргызстанда электрэнергиясы кандай абалда экендигин «Биринчи радиодо» айтып берди. Жарык өчүп жатканы үчүн элден кечирим сурады.
Бирок жарыкты үнөмдөбөсөк, трансформаторлорго күч келтирбес үчүн эртең мененки алтыдан кечки тогузга чейин жарыкты өчүрүп турбасак, бүтүндөй шаар жарыксыз каларын билдирди.
Эгер жарыкты убагы менен өчүрүп турбаса, наркы 120 млн сом турган «Ала-Арча» подстанциясынын күйүп кетүү коркунучу бар экенин белгиледи. Ал буга жол бербеш үчүн кардарларды башкы же дагы кошумча станцияларга кошуу үчүн эки сааттан жарык өчүп жатканын мойнуна алды.
Муну менен бирге жарыкты чектөө эмес, лимити ашып кеткен жерлерди жөнгө салуу жүргүзүлүп жатканын кошумчалады министр.
Министр Т. Ибраев эгер трансформатор күйүп кетсе, жаңысы келгиче 150-170 күн өтөрүн, аны алып келүүгө эле айлар кетерин белгиледи.
Буга чейин 11-12-декабрь күндөрү рекорддук көрсөткүчтө электрэнергиясы колдонулганы айтылган.
Ал эми Президент мындай абалга дагы үч төрт жыл чыдоо керектигин, Камбар-Ата — 1 ишке кирген соң, электрэнергия көйгөйү биротоло чечилерин билдирген.