8-марттан баштап электр жарыгын жөнгө салуу иш-чаралары токтотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, аба ырайынын жылышы менен электр энергиянын керектөөсү кыйла төмөндөгөн.
«2024-жылдын 8-мартында өлкөнүн энергетика системасында электр энергиясынын керектөөсү 61 млн 117 миң кВт. саатты түзгөн, өткөн күндөрү электр энергиянын орточо суткалык керектөөсү 70 млн кВт. с. чейин жеткен», — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин аймактарда маал-маалы менен жарык үзгүлтүккө учурап жаткан.