• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Энергетика министрлиги бюджетке 889 млн сомдом ашык зыян келтирген

14 Аяк оона 2022 18:39 Бишкек Govori.TV

Республиканын Башкы прокуратурасы тарабынан жүргүзүлүп жаткан пландуу текшерүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинде жана анын түзүмдүк уюмдарында Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктары жана, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин талаптары бузулгандыгы аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратура тараткан маалыматта айтылат.

Нормативдик укуктук актылардын талаптары бузулгандыгы боюнча прокуратура органдары тарабынан 132 прокурордук чара көрүү актысы киргизилип, мамлекетке 22 млн 150 миң 218 сом өндүрүлгөн.

Мындан тышкары, Энергетика министрлигинин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн айрым кызмат адамдары тарабынан жасалган кылмыштардын негизинде 32 кылмыш иши козголуп, келтирилген зыяндын жалпы суммасы 889 млн 54 миң 197 сомду түздү.

Пландуу текшерүүнүн алкагында энергетика тутумунун кызмат адамдары жана башка мекемелеринин кызматкерлеринин коррупцияга каршы аракеттенүү, эмгек, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, энергетика жана отун-энергетикалык комплекси жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын сакталуусу иликтенген.

Количество просмотров: 219