• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Энергетика министрлиги: Чек арадагы бир катар айылдарда жарык өчкөн

27 Үчтүн айы 202222:46 Бишкек Govori.TV

Энергетика министрлиги жергиликтүү тургундарга таянып кабарлагандай, тажик тарап электр линияларына ок чыгарып, ал жабыркаган. Анын айынан Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Бос, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук, Көк-Терек айылдарында жарык өчүп калган.

“Чек арадагы абал туруксуз болгондуктан оңдоо иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жок”, — деп айтылат билдирүүдө.

Такталган маалыматтар боюнча Төрт-Көчө аймагында Баткен-Исфана автожолу Тажикстандын жарандары тарабынан жабылып, эки мамлекеттин чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында саат 19.30да кайра ачылган.

Бирок 19.35 чамасында кырдаал курчуп, тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө аймагында Кыргызстан тарапты көздөй ок чыгарышкан. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын атышуусу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбөдө болуп, «тажик тарап миномет жана гранатомётторду колдонууда жатканын» кабарлады Кыргызстандын Чек ара кызматы.

Количество просмотров: 38