• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Энергетика министрлиги Жалал-Абадга которулат

19 Тогуздун айы 2022 17:42 Бишкек Govori.TV

Энергетика министрлиги кийинки жылы Жалал-Абад облусуна которулат. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Эмил Токтошев Жапаровго “Коргоо министрлигин түштүккө көчүрүү боюнча оюңуз кандай?” деген суроо узаткан.

“Жакынкы аралыкта коргонуу доктринасы кайра каралып чыгат. Буюрса, башкы командирдин чечимин сиз дагы угасыз. Бирок, биз энергетика министрлигинин электр станциялар ишканасын Караколго которуп жатабыз. Ал эми Энгергетика министрлиги эмдиги жылы Жалал-Абад облусуна которулат”, — деди Акылбек Жапаров.

Количество просмотров: 75