• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Энергетика министрлиги: Электр жарыгы Борбор Азия боюнча өчтү

25 Үчтүн айы 2022 12:55 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-январда Бишкек шаарында электр жарыгы жапырт өчкөнү кабарланды. Социалдык тармактын колдонуучулары жазып жаткан маалыматтарга ылайык өлкөнүн башка да аймактарда электр жарыгы өчкөн.

Бул тууралуу өлкөнүн Энергетика министрлиги маалымат таратып 30 мүнөттүн ичинде электр жарыгы калыбына келерин билдирди.

«Свет Борбор Азия боюнча өчтү. Кыргызстан Энергошакекчеден чыгып 30 мүнөттө өзүбүз светти калыбына келтиребиз», — деп жазды Энергетика министрлигинин басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова.

Буга чейинки тараган аалыматтар боюнча, Сокулук району, Аламүдүн району, Ош, Кемин, Токмок, Талас, Кара-Балта, Ысык-Көл облустарында электр жарыгы өчүрүлгөн.

Количество просмотров: 2574