• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Энергетикадагы коррупция боюнча кармалгандардын аты аталды

12 Чын куран 202217:45 Бишкек Govori.TV

Электр ишканасындагы кылмыш жасаган 17 кызмат адамы камакка алынган. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде өткөн маалымат жыйында Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматынын башчысы Сирожиддин Камолидинов билдирди.

Анын айтымында, “Чыгышэлектр” боюнча 6 кызмат адамы камакка алынып, мамлекетке 19 млн. 32 миң 175 сом кайтарылды.

Алар:

  • “Чыгышэлектр” ААКнун Нарын филиалынын мурунку директору А.Жумакадыров;
  • Нарын филиалынын директорунун мурунку орун басары А.Абылгазиев;
  • Тянь-Шань РЭТнин башчысы Т.Баяманов,
  • Тянь-Шань РЭТнин башчысынын орун басары У.Кубанычбеков;
  • Тянь-Шань РЭТнин мурдагы башчысы Ы.Наркеев; |
  • Тянь-Шань РЭТнин башчысынын мурдагы орун басары А.Токсумаков.

“Түндүкэлектр” ААКму боюнча 3 кызмат адамы камакка алынып, мамлекетке 14 млн. 504 мин 560 сом кайтарылды.

Алар:

  • “Түндүкэлектр” ААКнун башкы директорунун мурунку орун басары Т.Жаныбаев;
  • Жайыл РЭТнин башчысы Т.Бакиров;
  • Бишкек РЭТнин башчысы М.Сагындыков.

“Ошэлектр” ААКму боюнча 7 кызмат адамы камакка алынып, 16 млн. 356 мин 738 сом мамлекетке кайтарылды.

Алар:

  • Өзгөн РЭТнин мурдагы башчылары А.Жусуев, М.Гуронов;
  • “Ошэлектр” ААКнун мурунку башкы директору Д.Даминов;
  • Ошэнергосатуу ишканасынын мурдагы — жетекчиси Д.Кадырбердиев;
  • Өзгөн РЭТнин башчысынын мурдагы орун басары М.Камалов;
  • Ноокат РЭТинин мурдагы башчысы И.Алимбеков;
  • Ноокат РЭТинин башчысы мурдагы орун басары А.Ташболотов.

“Жалал -Абадэлектр” ААКму боюнча мурдагы башкы директору К.Маматканов камакка алынган.

«Тергөөнүн жүрүшүндө “Чыгышэлектр” боюнча келтирилген 19 млн. 32 мин 175 сом зыян толугу менен, “Ошэлектр” 134 млн. 402 миң 234 сомдон 16 млн. 356 мин 738 сом өндүрүлгөн. Бул боюнча жалпысынан 17 адамга кылмыш иши козголуп, мамлекетке 49 млн. 893 миң 473 сом мамлекетке кайтарылды. “Чыгышэлектр” ишканасынын 6 кызмат адамына кылмыш жоопкерчилигине тартылып, иш соттун кароосуна жиберилген. Калган кылмыш иштер боюнча бүгүнкү күндө тергөө аракеттери аякталууда жана соттук кароого жакын арада жөнөтүлөт»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 5236