• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Эпидкырдаал курчуп турган мезгилде окууну уюштуруу боюнча нускама бекиди

14 Бештин айы 2022 11:51 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-2023-окуу жылында түзүлгөн эпидемиологиялык мезгилине байланыштуу өлкөнүн жалпы билим берүү мекемелеринде окуу-тарбия процессин уюштуруу жана жүргүзүү жөнүндө нускамасы бекиди.

Эскертүү!

Саламаттык сактоо министрлигинин буйругунун негизинде Жергиликтүү санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору карантинге жабуу тууралуу бүтүм чыгарган мектеп жана бала бакчалар гана карантинге жабылат.

Нускамага ылайык, райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрү, менчигинин тибине жана түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен биргеликте төмөндөгү милдеттерди аткарууга тийиш:

Мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мектептеринде окуу-тарбия процессин уюштурууга күн сайын мониторинг жүргүзүп, ошону менен бирге билим берүүнү башкаруунун жогору турган органдарынын Санитардык көрсөтмөлөрүнүн негизинде окуучуларды кабыл алууну чектөө менен карантинге өтүү жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу жергиликтүү Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына билдирет;

Окуучуларды кабыл алууну чектөө менен карантинге өтүү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу жергиликтүү Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунун Санитардык көрсөтмөлөрүнүн ылайык уюштурулат жана түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга тиешелүү гана Санитардык көрсөтмөлөрүнүн негизинде иш алып барат;

мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарында окуучулар үчүн коопсуздук техникасынын ченемдерин сактоо жана жол коопсуздугу боюнча алдын алуу иштерин күчөтөт;

түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга тиешелүү Көрсөтмөлөрдөгү талаптарды билим берүү процессин уюштурууга, камсыздоого жана көзөмөлдөөгө тартылган бардык катышуучуларга жеткирүүнү камсыздоону уюштурат жана күн сайын абалга монитринг жүргүзөт, анлиздейт жана чечим кабыл алуу максатында тиешелүү органдарга өз убагында кечиктирилгис түрдө билдирет.

Мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын милдеттери

Мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору билим берүүнү башкаруунун жогору турган органдарынын жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу жергиликтүү Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунун Санитардык көрсөтмөлөрүнө ылайык билим берүү процессин уюштурат жана түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга (карантинге чыгуу) тиешелүү гана Санитардык көрсөтмөлөрүнүн негизинде карантин жарыялоо жөнүндө буйрук чыгарат.

Жугуштуу оорулардын пайда болуу жана жайылуу коркунучу болгон учурда уюмдарда балдардын жана ата-энелердин арасында алдын алуу санитардык түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү жана маданий – массалык, спорттук жана башка иш-чараларды (салтанаттарды, чогулуштарды жана башкаларды) өткөрүүгө тыюу салууну караган убактылуу жана чектөө иш-чараларын (карантинди) киргизүү сунушталат.

Карантин убагында мектептин иши бекитилген иш режимине, педагогикалык кызматкерлердин иши белгиленген окуу жүктөмүнө, окуу сабактарынын жүгүртмөсүнө, башка кызматкерлердин иш убактысынын режимине, нөөмөттүк графигине ылайык жүзөгө ашырылат.

Директор карантин учурунда уюмдун ишин уюштурууну жөнгө салуучу документтер менен билим берүү процессинин бардык катышуучуларынын таанышуусун уюштурууга контролдук кылат, уюмдун кызматкерлеринин карантиндик режимди сактоосун жана иш-чаралардын ишке ашырылышын уюштурат жана көзөмөлдөйт.

Жугуштуу оорулардын, анын ичинде сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо үчүн санитардык жана эпидемияга каршы режимди сактоону (санитайзерлер менен камсыздоо, маал-маалы менен нымдуу тазалоо, тайпаларды/класстарды желдетүү) камсыз кылат;

Бала бакчанын жана мектептин кызматкерлеринин карантин мезгилиндеги айлык маянасы жумуш убактысынын узактыгы сабактардын жүгүртмөсүнө ылайык окуу мезгилиндеги жумалык окуу жүктөмүнө жараша Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексине ылайык аныкталат жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунун Санитардык көрсөтмөлөрүндө белгиленген убакытка ылайык жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте директор окуу планга ылайык билим берүү программаларын толугу менен ишке ашыруу жана мамлекеттик билим берүү стандарттарын аткаруу үчүн жоопкерчилик тартат.

Количество просмотров: 6209