• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Эрбаев “чет элдик өкүл” долбооруна автор болуудан баш тартты

22 Бирдин айы 2024 11:21 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Эрбаев “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбооруна автор болуудан баш тартканын айтты.

Депутат бул тууралуу ал 22-февралда парламентте мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жаткан учурда билдирип, мындай чечимди ал берген сунуштары эске алынбагандыктан кабыл алганын белгиледи.

Бүгүн, 22-февралда Жогорку Кенештин жалпы жыйынын күн тартибине депутат Надира Нарматова демилгелеген “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору экинчи окууда карап, кабыл алды.

Башта Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу берилип, “Коммерциялык эмес уюм мыйзамсыз иш-аракет жүргүзгөн” деп табылып, шектүүнүн күнөөсү далилденсе, беш жылдан 10 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган. Кийин ал үч жылдан беш жылга чейин кыскартылып, 20-февралда кылмыш жоопкерчилиги толук алынып салганы белгилүү болду.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган «чет өлкөлүк өкүл» тууралуу мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартышкан.

“Адилет” укуктук клиникасы бул “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Жогорку Кеңештин да айрым депутаттары Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдар ансыз деле Салык кызматына каражаты тууралуу отчёт берип жатканын, документ алардын ишин көзөмөлдөп, жабууга чейин алып барарын билдиришкен.

Ал эми депутат Надира Нарматова мыйзам долбоору сөз эркиндигин, бейөкмөт же эл аралык уюмдардын ишин чектебей турганын айтып келет.

Количество просмотров: 96