• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Эрдоган Кахов ГЭСиндеги жардырууну иликтөө боюнча комиссия түзүүнү сунуштады

8 Кулжа 2023 9:05 Бишкек Govori.TV

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Орусия менен Украинанын президенттери менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Кахов ГЭСинин дамбасынын жарылышын иликтөө боюнча комиссия түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу Hurriyet басылмасы жазды.

Эрдогандын айтымында, иликтөөгө согушуп жаткан тараптардын эксперттери, БУУнун жана эл аралык коомчулуктун өкүлдөрү да кошулушу керек.

Түрк президенти Анкара иликтөө жүргүзүү үчүн колдон келген аракетин кылууга даяр экенин белгиледи.

Украина президенти Владимир Зеленский Түркиянын президенти менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Эрдоганга апаатты жоюу үчүн керектүү муктаждыктарынын тизмесин бергенин кабарлады. Зеленский ГЭСтин талкаланышын Орусиянын террордук чабуулу деп атады.

Кремль тараткан билдирүүдө Путин бул окуя үчүн Украинаны айыптап, жардырууну “варвардык акция” деп атаганы айтылат. Бул Путиндин Херсон аймагындагы дамбанын жарылышы боюнча биринчи комментарийи болду.

Эрдогандын комиссия түзүү сунушуна Зеленский менен Путин кандай жооп бергени айтылган жок.

Количество просмотров: 110