• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Эрдоган Өзбекстанга расмий сапар менен келет

28 Жалган куран 2022 16:35 Бишкек Govori.TV

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 29-30-мартта расмий сапар менен Өзбекстанга келет.

Өзбекстан президентинин маалымат кызматы кабарлагандай, Эрдоганды Ташкентке өзбек кесиптеши Шавкат Мирзиёев чакырган.

«Сапардын алкагында жогорку даражалуу конок Жогорку деңгээлдеги стратегиялык өнөктөштүк боюнча өзбек-түрк кеңешинин экинчи жыйынына катышат», — деп айтылат билдирүүдө.

Президенттердин сүйлөшүүлөрүнүн күн тартибинде эки тараптуу ынак мамиле жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө, эки өлкө ортосунда көп пландуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери каралган.

Соода-инвестициялык, инновациялык, өндүрүш, логистика, туризм жана башка багыттардагы биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө басым жасалат.

Сүйлөшүү маалында Мирзиёев менен Эрдоган эл аралык жана аймактык саясаттын актуалдуу маселелери боюнча да пикир алышат.

Количество просмотров: 206