• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Эргешбаева: Президенттин «Элдик курултай жөнүндө убактылуу жобосу» Конституцияга каршы

19 Баш оона 202210:06 Бишкек Govori.TV

Президенттин “Элдик Курултай жөнүндө убактылуу жобо” Жарлыгы Конституцияга каршы. Мындай пикирин юрист Таттуубүбү Эргешбаева Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Болбосо менин деле курултай чакырганга мүмкүнчүлүгүм бар, мындай иш-чаралар илгертен бери эле өткөрүлүп келет. Эгерде Президент Элдик курултайды чакырса, анда анын ыйгарым укуктары аткаруу бийлигинин ишмердүүлүгүнүн алкагынан чыкпоого тийиш (тиешелүү конституциялык мыйзам кабыл алынганга чейин). Аткарган иштери тууралуу элге отчет бере алат. Бул Кыргыз Республикасынын калкы менен жолугушуу болуп эсептелет. Бирок ал Элдик курултайдын конституциялык укуктарын камтыган жарлык чыгарды. Биринчиден, убактылуу жобо Конституцияга каршы келет (7-берене). Анда “Элдик курултайды уюштуруу жана анын иш тартиби Конституция жана конституциялык мыйзам менен аныкталат” деп жазылган. Конституциялык мыйзам жок, президент мыйзам чыгаруучу орган эмес. Ал конституциялык ыйгарым укуктарынан ашат. Экинчиден, Элдик курултай жөнүндө профилдүү мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан гана кабыл алынышы мүмкүн, анткени ал мыйзам чыгаруу органы болуп саналат. Үчүнчүдөн Президент көз каранды эмес мамлекеттик мекемелердин ишмердүүлүгүнө кийлигише албайт. Ал Конституция боюнча чектелген ыйгарым укуктарга ээ. Ал Элдик курултайга Адилет Кеңешине шайланууга ыйгарым укук бере албайт. Ал ЖК төрагасынан жана өз алдынча мамлекеттик мекемелердин жетекчилеринен курултайда отчет берүүсүн талап кыла албайт, насаат кыла албайт. Эгерде Президент өзүнүн убактылуу жобосун жокко чыгарбаса, анда юридикалык коомчулук ушул указды Конституцияга каршы таануу суранычы менен Конституциялык сотко кайрылуусу керек»,-деп жазган юрист.

Эске салсак, 18-августта президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен элдик курултай жөнүндө убактылуу жобо бекитилген. Бул жобо элдик курултай укуктук статусу мыйзамдуу жөнгө салынганга чейин элдик курултайды уюштуруу жана ишин жүзөгө ашыруу тартибин аныктайт.

Количество просмотров: 244