Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Эргешов Алтынбек Калдарович Чүй облусунун Токмок шаарынын мэри болуп дайындалды.
Эргешов буга чейин президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болчу. Анын кызматтан кеткени бүгүн маалымдалды.
Ал эми Токмоктун буга чейинки мэри Максат Нусувалиев 24-июнда УКМК кызматкерлери тарабынан камакка алынган.