• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Акциздик маркасы жок тамекилер сакталган кампа аныкталды

10 Кулжа 202616:20 Бишкек Govori.TV

Токмокто акциздик маркасы жок тамекилер сакталган кампа аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кампаны текшерүү учурунда ар кандай аталыштагы 1 миң 683 куту тамеки табылган, алардын жалпы баасы 200 миң сомдон ашат.

Аталган факты боюнча рейддик салыктык контролдун актылары түзүлдү. Эми мыйзамга ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт.

Количество просмотров: 99