• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Эркештам» бекетинде өзүнө ок аткан чек арачы каза болду

13 Чын куран 202614:48 Бишкек Govori.TV

Чек ара кызматында келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан И. уулу А. алган оор ок жаракатынан улам ооруканада көз жумду. Бул маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, 2004-жылы туулган аскер кызматкери Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылындагы ооруканада жаткан. Дарыгерлердин бардык аракетине карабастан, ал башына тийген жаракаттан улам каза болгон.

Аталган факт боюнча учурда кызматтык иликтөө уланууда. Окуянын бардык жагдайларын аныктоо иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, 8-апрелде Алай районундагы «Эркештам» чек ара бекетинде аскер кызматкери өзүнө ок атканы маалым болгон. Ал учурда анын жанында кызматтык куралы болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, окуянын себептери аскердик кызмат өтөө менен байланыштуу эмес экени айтылган. Жоокердин кечээ жерге берилген.

Количество просмотров: 100