Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасы дүйнө чемпионатынан кайтып келди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 20-сентябрда спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына катышкан эркин күрөш боюнча курама команда “Манас” аэропортуна учуп келди.
Курама команданы Кыргызстандын күрөш федерациясынын өкүлдөрү, спортчулардын жакындары жана күйөрмандары тосуп алды. Алгач, спортчулар Баткендеги шейит кеткен жоокерлерге куран окуп, алардын мекен үчүн кылган эрдигин эскеришти.
Учурдагы кырдаалга байланыштуу атайын тосуп алуу аземинин концерттик программасы жана маалымат жыйын өткөрүлгөн жок.