• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Эркин Мамбеталиевдин ишин Ысык-Көл райондук соту карайт

11 Бирдин айы 202514:10 Бишкек Govori.TV

Кримтөбөл делген Эркин Мамбеталиевдин иши тергелип бүтүп, 28-январда Ысык-Көл райондук сотуна өттү. Райондук соттун басма сөз кызматы баштапкы соттук угуу 21-февралга дайындалганын билдирди.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2024-жылдын август айында кармаган.

Атайын кызмат ал убагында кримтөбөл Рысбек Акматбаев, Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) менен байланышта болуп, алардын колдоосу менен коммерциялык жеке маселелерин чечкени аныкталганын билдирген. Буга байланыштуу ага Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топко катышуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Былтыр 25-сентябрда атайын кызмат Эркин Мамбеталиев баасы 5 миллион 716 миң 307 АКШ долларына (489 миллион 886 миң сомго) бааланган бир катар мүлкүн мамлекетке өткөрүп бергенин маалымдаган.

Башкы прокуратура жакында эле жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Эркин Мамбеталиевге каршы мурда козголгон кылмыш ишин кайра карап чыгуу өтүнүчүн Жогорку сотко жөнөткөн.

Количество просмотров: 174