• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Эркин Тоо» гезитинин башкы редактору алмашты

10 Тогуздун айы 2022 18:10 Бишкек Govori.TV

«Эркин Тоо» гезитинин башкы редактору алмашты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Министрлер Кабинети жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 18-беренесинин 2-бөлүгүнүн 22-пунктуна ылайык, Бахпурбек Аленов берген арызынын негизинде «Эркин Тоо» гезитинин башкы редактору кызматынан бошотулуп, анын ордуна Наралы Асанбаев гезиттин башкы редактору болуп дайындалды.

Тиешелүү чечимдерге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Количество просмотров: 98