• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Эрмекбаев кылмыш дүйнөсүнөн баш тартканын билдирди

8 Тогуздун айы 2023 17:56 Бишкек Govori.TV

Өзүн Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Алмаз Эрмекбаев бийликти колдоп, мыйзамдарга баш ийе турганын билдирди.

«Буга чейин Көлбаевдин кылмыштуу тобунда болуп, Ош шаарын карап келгем. Бүгүнкү күндө бул аракеттерден баш тартам», — деди ал.

4-октябрда кримтөбөл Камчы Көлбаев атайын операцияда УКМК кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөтүүдө жок кылынган. Кийин “Сакал” каймана аттуу кримтөбөл “мыйзамдагы ууру” макамынан баш тартканын айтса, 6-октябрда «Женго» каймана аттуу кримтөбөл эч кандай макамы жок экенин билдирген. Ал эми «Узун Улан» каймана аттуу Улан Барчакеев бийликти колдой турганын айткан.

Количество просмотров: 817