• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Эртең Бишкекте айрым көчөлөр жабылат

1 Чын куран 2023 10:32 Бишкек Govori.TV

Велосезондун ачылышына байланыштуу көчөлөрдүн айрым жерлери жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-апрелде саат 8:50дөн тарта Ала-Тоо аянтынан Чүй проспектисин бойлой Панфилов көчөсүнөн  Абдрахманов көчөсүнө чейин жана Д.Асанов атындагы Жеңиш сейил багына чейин көчөлөрдүн бөлүктөрү жабылат.

Катышуучулар Ала-Тоо аянтынан саат 9:00дө баштап, Д.Асанов атындагы сейил багында 10:30да жыйынтыкташат.

Эске салсак,  иш-чараны борбор калаанын мэриясынын колдоосу менен Megacom компаниясы, «Велоfriends позитив KG”  ачык коому уюштурууда.

Мэрия калаанын тургундары жана конокторунан келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, маршрутуңузду алдын ала пландаштырып алууңуздарды суранган.

Количество просмотров: 111