• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Эртең Бишкектин айрым райондорунда таза суу өчөт

20 Аяк оона 202116:18 Бишкек Govori.TV

Эртең, 21 -сентябрда саат 9:00дөн 18:00гө чейин борбор калаанын айрым райондорунда суу токтотулат.

Маалыматка ылайык, «Контррезервуар» суу алуучу жайындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү техникалык тейлөө жана оңдоо иштерине байланыштуу жүргүзүлөт.

«Достоевский, Максим Горький, Ауэзов көчөлөрү, темир жол линиясы, Алтын Ордо, Кара-Жыгач конуштары, Полиция шаарчасы менен чектешкен аймактардагы имарат, мекемелерде суу болбойт»,-деп айтылат маалыматта.

Бишкек мэриясы калаа тургундарынан ичкенге, тиричиликке сууну алдын ала камдап алууну эскертет.

Количество просмотров: 256