1-октябрь күнү Бишкек шаарындагы эки конушта таза суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 1-октябрда эртең менен саат 09:00дөн кечки саат 18:00гө чейин «Ынтымак» жана «Арча-Бешик» конушунда (биринчи көчөдөн жетинчи көчөгө чейин) таза суу өчүрүлөт.
Мэрия сууну убактылуу өчүрүү кыш мезгилине даярдануу максатында суу түтүк тармактарындагы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу экенин билдирет.