Эртең Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 9:00дөн 24:00гө чейин төмөнкү даректердеги турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.
Өчүрүү району:
Суу «Көк-Жар» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу убактылуу өчүрүлөрү айтылды.
Буга байланыштуу «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана сууну эртелеп камдап алууну суранат.