• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эртең Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго чектеш көчөлөр жабылат

18 Жетинин айы 201916:47 Бишкек Govori.TV

19-ноябрь күнү Кыргызстан менен Тажикстандын курама командаларынын беттешине байланыштуу  кечки саат 17:00дөн тарта Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго чектеш көчөлөр мелдеш аяктаганга чейин жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки аймагы, Фрунзе көчөсүнүн Исановдон Панфиловго чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстан менен Тажикстан курама командаларынын оюну саат 20:00дө башталат.

Количество просмотров: 179