• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Эртеңден баштап борбор калаада Горкий көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

24 Теке 202413:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэриясынан кабарлашкандай, 25-июлдан тарта М.Горький көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштары башталат.

Жумуштардын биринчи этабында Горький көчөсүнүн Чыңгыз Айтматов проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

Капиталдык оңдоонун алкагында жолдун асфальт катмары, бордюрлар жаңыртылып, жолдун үстүнкү катмарына майдаланган таш мастик асфальт төшөлөт.

Горький көчөсү Айтматов проспектисинен 7-Апрель көчөсүнө чейин бир нече этап менен оңдолот.

Количество просмотров: 119