• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Эртеңден тарта Фрунзе менен Айтматов көчөлөрүнүн кесилиши жабылат

20 Кулжа 202515:54 Бишкек Govori.TV

21-июндан 12-июлга чейин Бишкектин Фрунзе менен Чыңгыз Айтматов көчөлөрүнүн кесилиши толугу менен жабылат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бул убакта жылуулук түтүктөрүн жаңылоо иштери жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, учурда “Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы Фрунзе көчөсүндө жайгашкан жылуулук өткөрүүчү негизги түтүктү оңдоп жатат. Оңдолуп жаткан тилке Ч.Айтматов көчөсүнөн Сүйүмбаев көчөсүнө чейин созулуп, анын жалпы узундугу 500 метрди түзөт.

Жаңыртуу иштеринде түтүктөрдүн диаметри 900 ммден 1000 ммге чейин кеңейтилет. Бул тилке 1971-жылдан бери иштеп келген жана пайдалануу мөөнөтү бүтүп, тез арада алмаштырууну талап кылат.

Теги:
Количество просмотров: 146