• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Эрте келген кыш. Дөңгөлөк алмаштырам деген айдоочулардын кезеги

4 Жетинин айы 2021 12:08 Бишкек Govori.TV

Жааган кардан улам айдоочулар унааларынын дөңгөлөктөрүн алмаштырууга кезекке турушту. 3-ноябрь түнү башталган кар 4-ноябрь эртең мененкиге чейин жаап, болжол менен кардын бийиктиги 10-15 сантиметрге жеткен.

Белгилей кетсек, бүгүн, 4-ноябрда саат 02:00дөн тарта «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жол тейлөө бөлүмүнүн кызматкерлери борбор калаанын көчөлөрүн кардан тазалоодо.

Мэрияны маалыматына ылайык, жол тазалоо иштерине 37 даана атайын техника тартылды. «МАЗ үлгүсүндөгү 28 кар тазалоочу автоунаа, УКМ үлгүсүндөгү 4 универсал автоунаа жана 5 «Беларусь» кичи тракторун тартуу менен жолдорго техникалык туз чачуу башталган. Эртең менен 354 тонна техникалык туз сарпталган.

Количество просмотров: 420