• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Эртең кыргыз-тажик чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны өтөт

30 Чын куран 2021 23:08 Бишкек Govori.TV

Эртең, 1-майда Кыгызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны өтөт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 30-апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын УКМКнын төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун «Кызыл-Бел» жана «Гулистон» бекеттеринин ортосундагы нейтралдуу аймакта жолушуусу өткөнүн белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттик чек арасындагы абалды турукташтыруу боюнча маселелер талкууланган. Натыйжада тараптар бардык маселелерди сүйлөшүүлөр жолу менен чечүү, ошондой эле 2021-жылы 30-апрелде саат 13:00дон тартып чек арадагы аскерлерди жана аскердик техникаларды мурдагы ордуна чыгарып кетүү каалоосун жана ага даярдыгын билдиришкен.

Ошондой эле 1-майда Баткен облусунун аймагында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жолугушуусун өткөрүү чечими кабыл алынган.

Кыргыз-тажик чек ара аскерлеринин командирлеринин жетекчиси астында түзүлгөн келишимдердин аткарылышын камсыздоо үчүн жумушчу топтор түзүлдү.

Количество просмотров: 700