• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Эртең кыргыз-тажик делегаттары жолугат

13 Үчтүн айы 2020 9:31 Бишкек Govori.TV

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков башында турган кыргыз делегациясы чек арадагы кырдаал боюнча тажик тарап менен 14-январда сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин жетекчилери, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү бар.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал, аны турукташтыруу боюнча мындан аркы чаралар,  чек ара коопсуздугун бекемдөө, чек ара окуяларын алдын алуу чаралары, ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин активдештирүү маселелери талкууланат.

Жолугушуу эки мамлекеттин башчыларынын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларга ылайык өтөт.

Количество просмотров: 51