• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Эртең Кыргызстан боюнча ишембилик өтөт

18 Аяк оона 2020 12:19 Бишкек Govori.TV

Эртең, 19-сентябрда Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата Кыргызстан боюнча ишембилик өтөт. Бул тууралуу маалымат жыйынында «Enactus Кыргызстан» коомдук уюмунун аткаруучу директору Гүлбарчын Сүйүнова билдирди.

Ишембилик эртең мененки саат 09:00дөн 12:00гө чейин уланат.

«Биздин өлкөбүз 180 мамлекеттин ичинен калктын санына карата эсептегенде катышуучулардын саны боюнча эки жылдан бери биринчи орунду алып келүүдө. Былтыр жалпы ишембиликке өлкөбүздөн 624 миң адам катышкан. Быйыл пандемияга байланыштуу 50 миң киши катышат деп күтүүдөбүз. Тазалоо иштери санитардык талаптарды сактоо менен жүргүзүлөт»,-деди Сүйүнова.

Кошумчалай кетсек, дүйнө жүзү боюнча өтө турчу тазалык акциясына 180 өлкө катышат. Кыргызстан бул иш-чарага 3 жылдан бери катышууда.

Количество просмотров: 51