14-ноябрда Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын футбол курама командалары беттешет.
Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, беттеш 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо раундунун алкагында БАЭнин Абу-Даби шаарындагы «Мухаммад ибн Заед» стадионунда өтөт.
Белгилей кетсек, 19-ноябрда Акшумкарлар өз оюн талаасында Иран курамасы менен ойнойт.