• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Эртең маданият кызматкерлеринин күнү белгиленет

1 Жетинин айы 202116:36 Бишкек Govori.TV

Эртең, 2-ноябрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Маданият кызматкерлеринин күнү белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын ачылышы Кыргыз эл артисттери кызыл килем аркылуу өтүүсү менен башталып, “Кыргыз маданиятынын залкарлары” даректүү тасмасы көрсөтүлөт.

Ошондой эле А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры, К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы, Б.Бейшаналиева атындагы Маданият жана искусство университети, А.Изибаев атындагы кыргыз мамлекеттик цирки, М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайы, М.Абдраев атындагы республикалык атайын музыкалык мектеп-интернаты тарабынан даярдалган концерттик программа сунушталат.

Количество просмотров: 177