• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эртең Оман аркылуу 360 жаран Кыргызстанга кайтарылат

4 Жалган куран 202612:31 Бишкек Govori.TV

 Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 4-марттан 5-мартка караган түнү Бириккен Араб Эмираттарында жүргөн кыргыз жарандарын мекенине кайтаруу үчүн Оман аркылуу эки репатриациялык каттам уюштурулат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, айрым техникалык кыйынчылыктарга жана аймактагы татаал кырдаалга карабастан, министрлик жана дипломатиялык өкүлчүлүктөр коопсуз аба коридорун макулдашууга жетишти.

«Миссиянын алкагында эки каттам аркылуу болжол менен 360 жаран (ар биринде 180 жүргүнчү) мекенине кайтарылат. Бул каттамдарда аялдарга, балдарга жана карыларга артыкчылык берилет», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, процессти координациялоо ТИМ тарабынан Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемелери жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте камсыздалат. Кыргыз жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана мекенине кайтаруу боюнча аракеттер уланууда жана өлкө жетекчилигинин тыкыр көзөмөлүндө.

Количество просмотров: 150