• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Эртең Түркиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапары менен келет

9 Жалган куран 2021 14:33 Бишкек Govori.TV

Эртең, 10-мартта Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Кыргызстанга расмий сапары менен келет. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Сапардын алкагында эки мамлекеттин тышкы иштер министрлеринин сүйлɵшүүлɵрү жана Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Биргелешкен стратегиялык пландаштыруу тобунун 4-жыйыны болуп ɵтɵт. Ошондой эле Түркиянын тышкы иштерминистри Чавушоглунун Кыргызстандын жетекчилиги менен жолугушуулары пландаштырылган.

Алдыда боло турган жолугушуулардын жана сүйлɵшүүлɵрдүн жүрүшүндɵ саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары ɵнүктүрүү жана бекемдɵɵ боюнча мурда жетишилген келишимдерди, кыргыз-түрк мамилелери үчүн актуалдуу маселелерди талкуулоо пландаштырылууда.

Түрк кеӊешинин алкагында түрк тилдүү мамлекеттердин ортосунда кызматташтыкты кеӊейтүү жана аталган эл аралык уюмдун күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болот.

Количество просмотров: 86