• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Эртең Тамчы-Чолпон-Ата жолу убактылуу жабылат

20 Теке 2022 18:40 Бишкек Govori.TV

Эртең, 21-июлда саат 9:00дөн 10:00гө чейин Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки тилкеде жол кыймылы токтотулат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлагандай, айтылган жол тилкеси эл аралык делегациялар өткөндөн кийин ачылат. Жол кайгуул кызматы жол боюнда көзөмөлсүз токтотулган унаалар эвакуацияланат.

«Ушул күндөрү өлкөнүн башка аймактарына жана Ысык-Көл облусуна барууну көздөгөн жарандардан тыгындарды, кечигип калууларды болтурбоо үчүн каттамдарын алдын ала пландап алууну суранабыз», — деп эскертет Жол кайгуул кызматы.

Количество просмотров: 380