Эртең, 16-июнда Бишкек шаарында ысык суу бериле баштайт. Бул тууралуу мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жылуулук түйүндөрүндө профилактикалык оңдоо иштери, тыгыздыгы жана бекемдиги боюнча гидравликалык сыноолор жүргүзүлдү. Бүгүндөн тарта негизги жана бөлүштүрүүчү тармактарды толтуруу иштери башталат.
Белгилей кетсек, ысык суу быйыл 16-майда өчүрүлгөн. Ысык суу түтүктөрдү оңдоо жана жылуулук берүү сезонуна даярдык көрүү максатында жыл сайын өчүрүлөт.