Эртең, 6-сентябрда саат 10:00дө “Манас” эл аралык аэропортуна “Асман аба жолдору” мамлекеттик авиакомпаниясынын “Bombardier Dash 8 Q400” биринчи учагы келет.
Аэропорттун басма сөз кызматы билдиргендей, учак бардык жергиликтүү багыттарга учат. Билет баасы 2100 сомдон 3300 сомго чейин.