Бишкектин четинде «Ак сөөк» аталышындагы жаңы эс алуу борбору ачылды. Аталган эс алуу жайы алгачкы кардарларын кабыл албай жатып эле аталышы менен көңүл чордонунда болуп, социалдык тармактардын талкуусуна алынды.
Айрым соцтармак колдонуучулары эс алуу жайынын аталышынын маанисин сынга алышса, айрымдар негизги маселе анын аталышында эмес экенин, мындай чоң ишти колдоого алуу зарылдыгын айтышууда.









