Социалдык тармактарда эмнени көрүп, эмнени укканды өзүм тандайм деп ойлойсуңбу?
Чынында андай эмес!
Мунун баарын сен үчүн алгоритм чечет.
Ал эмне жана кантип иштейт? Кел, талдап көрөлү.
Эмне үчүн лентаңда дайыма окшош видеолор чыга берет деп ойлондуң беле?
Сага баары ошол теманы гана талкуулап жаткандай сезилет.
Алгоритмдер ошол сыяктуу иштейт. Алар сенин лайктарың менен комментарийлериңди эле эмес,
видеону канча убакыт караганыңды, аягына чейин көрөсүңбү, аталышка басып өтөсүңбү, бөлүшөсүңбү — баарын анализ кылат.
Эгер видеону бир канча жолу кайталап көрсөң, профилге кирсең, шилтемеге өтсөң — баары эсепке алынат.
Ошондо алгоритм сага ошол эле контентти кайра-кайра чыгарат.
Мына ушинтип «маалымат чөйрөсү», же башкача айтканда — вакуум жаралат.
Адам өзүнүн чегинен тышкары “башка дүйнө”, башка көз караштагы адамдар бар экенин түшүнбөй калышы мүмкүн.
Ошентип адамдар капканга түшөт. Ар ким өз «маалымат дүйнөсүндө» жашайт, башканы укпай калат.
Бөлүнгөн коом — манипуляция үчүн эң ыңгайлуу кырдаал.
Эмне кылуу керек?
Атайы түзүлгөн чөйрөнү жар!
Ар кандай булактарга жазыл. Башка тилдеги контенттерди көр.
Өзүң макул болбогон пикирлерди изде – мына ушул критикалык ой жүгүртүү болот.
Эгер сен жөн гана максатсыз, ойлонбой лентаны айланта берсең, анда сен алгоритмге өзүңдү жана оюңду башкарууга уруксат берип жатасың.
Ал эми сен колдонмого максат менен кирсең (мисалы, белгилүү канал, жаңылык же сабак көрүү үчүн) жана сессияны тез аяктасаң, алгоритм түшүнөт: сен кокустук видеолорго реакция кылбарыңды жана ал акырындык менен сага пайдалуу, ар түрдүү жана туура контентти чыгара баштайт.
Алгоритм душман эмес, бирок сен үчүн эмне маанилүү экенин ага чечтирбе.
Лентаңды өзүң башкар! Максаттуу каттал, жаңы жаңылык изде жана — Ойлон!